обоо
- Жылкыда болуучу жугуштуу ылаң, жылкынын маңкасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Жасоолчулар чубуртуп, / Козгоол салды колбутуп, / Алтымыш миң киши айдап, / Алы келбей чуркурап, / Энесинен адашып, / Тай-кулундар чыркырап, / Бурулгуп чыкты обоого, / Учуп жаткан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айланып дүрбү аңгыча, / Аскер жагын караса, / Нойгуттун эли бузулду, / Тозоңу көккө созулду, / Топурак учуп обоого, / Булутка барып кошулду, / Аны көргөн абакең, / Акыл ойлоп олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көз жиберсе алыска, / Жебедей чыккан зыркырап, / Туйактан учкан барча таш, / Обоодо жүрөт быркырап, / Бешөө келет бириндеп, / Жаалысына чыдабай, / Жыгачтар кыйрап дирилдеп, / Алдындагы чаңдуубус, / Арандай оозун ачыптыр, / Арбыта жолду басыптыр, / Жолуң үйдөй ак көбүк, / Омуроого чачыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрен Чубак келди, деп, / Эр Манас баштап күңгүрөп, / Обоодо жалгыз тийген күн, / Сүйүнгөнсүп күлүңдөп, / Бүрдөп жаткан жыгачтар, / Үн салгансып дүрүлдөп, / Чечекей жайнап гүл чыгып, / Жер сүрдөнүп түр чыгып; / Асманда учкан канаттуу, / Өтүп кетпей токтолуп, / Талаадагы кайыптар, / Чогулушат топ болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калгандар жүрчү кыргыздын, / Көптүгүнө таң кылып, / Чыккан жердин чөбү деп, / Тобокел деп Айчүрөк, / Сейитек алса Гүлнарды, / Боло турган экен, деп, / Кыргыздын эли көбөйүп, / Толо турган экен, деп, / Андан чыкты Айчүрөк, / Обоолоп учуп көкөлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →