обон
- Белгилүү музыкалык бирдикти сактап ырдагандагы үн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ар коктудан шаркырап, / Агып жаткан суулары, / Обон салып шылдырап, / Жылгасында булагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ач болсо учпай калгандай, / Тойгузуп салса алгындай, / Обонсоргок дагы экен, / Конгон жери майланып, / Майпоз өзү дагы экен, / Ачып канат ирмеген, / Алдына чыгып уча албас, / Көк камчы сыны бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өлөңүн айтып жаңырган, / Обонун кошуп жаңырткан, / Таруусун таштай актаган, / Катынын кыздай мактаган, / Иленин суусун бойлогон, / Кол кушуруп кой сойуп, / Тоскундай казак мында жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →