обо1

китептерде 30 жолу, 6 китепте
  1. Асман, көк.
  2. Бийиктик, бийик.
  3. өт. Бийик зоо, бийик аска.
  4. Алк, каалоо, напси.
  5. Ашуунун белиндеги үйүлгөн таш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камап туруп какшатып, / Өзүнө ташты жыйнатып, / Бирине-бирин көмдүрүп, / Калмак обо ат койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бизде кыргыз эли бар, / Үч арал үргөнч жери бар, / Ошо кыргыз элинде, / Оболбек деген эри бар, / Авазир кылып алайын, / Чынында менин таайым ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жердин бети топурак, / Чаң обого созулат, / Булут кайсы, чаң кайсы, / Көз жеткис жерде кошулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →