о2

китептерде 45 жолу, 9 китепте
  1. Таңдануу, кубануу, кубаттоо, жактырбоо, өкүнүү сыяктуу ички сезимди билдирүү үчүн колдонулат.
  2. Бирөөгө кайрылар алдында же кайрылып сүйлөөдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…койуп, / Балтасы жанда жаркырап, / Караанын көргөн калтырап, / Айтарына кеп таппай, / Тил байланып тамтырап, / Бул белгиси келүүчү, / Бул белгисин көргөндөр, / Ө дээрге алы келбестен, / Үч күнү-түн кусуучу, / Жүрөгү чыгып калуучу, / Азырейил: “жудаа”-деп, / Арадан бөлүп алуучу, / Ашырбай чынын биз айтсак, / Арстандын жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…еп, / Ыйлап турат букулдап, / Баатырдын уулу Кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Кирпик ирмеп көз жумбай, / Күүлүү келген найзаны, / Учунан улай кармады, / О дүйнө кеткен айкөлдүн, / Колдой көр деп арбагы, / Сендиректеп Телкүрөң, / Очойо түшүп оңолду, / Өйүз-бөйүз элдерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Анда Кыйаз кеп айтат: / — О, Айчүрөк, нетесиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ээси түшүп калгандай, / О куранып кишенеп, / Бута атым ыраак өтө албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →