нөкөр

китептерде 12 жолу, 3 китепте
  1. Кандын, баатырдын, мансаптуу адамдын жардамчысы, кызматкери.
  2. Кан кызынын, кээде аялынын кызматчы, же жандап жүргөн кызкелиндери.
  3. Жолдош, дос.
  4. өт. Жубай, жар.
  5. Кээде аскер маанисинде да айтыла берет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тура калып Кененим, / Кабырганын тушуна, / Чоптор өтүк нөкөрү, / Чойулуп келип тепти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…миң кызыл алтынды, / Кымбаты үчүн чачтырып, / Бедерлүү тонун кийгизип, / Кан экенин билгизип, / Дүрүйө менен карала, / Түрлөнгөн бойун кийгизип, / Такасы карыш нөкөрү, / Айагына илгизип, / Арстан Манас баатырдын, / Кызматы артык сезилди, / Булардын баарын көргөндө, / Алмамбет боору эзилди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бута атымча калганда, / Бугу кайыш нөкөрү, / Ажыбай хандын жөкөрү, / Суруп белден ыргытып, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келинден бетер жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Олуйазада … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак кептер менен айчүрөк, / Асмандап учуп сабалап, / Сур буудан менен Куйалы, / Бу да келет каралап, / Келе жатып айчүрөк, / Нөкөргө калды учурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →