ным2

китептерде 8 жолу, 4 китепте ным 1 →
  1. Такыр, бүт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун өңү бузулуп, / Кең дүйнөсү кысылып, / Өзүнчө басып кара тер, / Бешенеси нымыгып, / Көлдөлөңдү алабы, / Көрпөчөнү салабы, / Капшытын ачып шыкаалап, / Келатканды карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ным тартып калган белем, деп, / Кулагында дарыны, / Кургактап салып барыны, / Курбудакы кулжаны, / Коборбой атып жыгам, деп, / Жана атса от жебей, / Жаштык кылып Сейити, / Эч нерсени элебей, / Бекер мылтык ал эмес, / Бейбаратке кишиден, / Калган мылтык деги эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайдын ысык күнүндө, / Теклимекен чөлүндө, / Суусу какшып соолуган, / Ным калбаган көлүндө, / Күзгө жакын барыптыр, / Суусамырдын белине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Нымыгып бойу тердебей, / Жаралуу болгон абасын, / Шалпысынан көрүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →