ныл
- Капкара.
- Кара көк.
- Капалуу, кайгылуу.
- Калың, терең, коюу.
- өт. Көздү чел басуу, көз көрбөй калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аркы ойго түшкөндө, / Түз келгиниң элиңе, / Сен айгайлап киргенде, / Жетекте Кызыл жүргөндө, / Көзүн анын ныл басар, / Өлгөнү Серек экен деп, / Тирүү экен Сыргагы, / Качпасак эми бекер деп, / Бир-бирине айтышар, / Акылынан шашышар, / Амал калбайт каңгайда, / Кайрылып туруп атышар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен болгун мага ыраазы, / Чылап туруп ныл ичип, / Катырып аны салайын, / Өмүр бойу ооруймун, / Сен барсың го багарым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →