ныкта
- Катуу-катуу басуу, ныгыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агарган кезде темирди, / Сабынан Кенен кармады, / Баамдап туруп эрнеме, / Дал киндикке сайганы, / Боортоктой түшүп бир ныктап, / Жерге ныктап салганы, / Ачуу үн чыгып өкүрүп, / Ошондо салды айгайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бөрү тилме найзаны, / Күрөө тамыр канына, / Чыктап өттү Бактыбай, / Кара жерге капшыра, / Ныктап өттү Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он бешче итти Көктеке, / Шилиден тепсеп ныктады, / Далайын тээп таштады, / Көптүн иши көп экен, / Каңшылап артка качпады, / Үстү-үстүнө үйүлүп, / Улам өөрчүп жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нын белдери, / Иш бүтүрчү бийлери, / Айтканын кылсак болот, деп, / Айтканын кылбай койгондо, / Кыргыздан мурда сойот, деп, / Дүбүрөшүп уктабай, / Көчүгүн жерге ныктабай, / Акылдашып сыйкырчы, / Кырмак болду кыргызды, / Кыйан селди агызып, / Казып жерди ор кылды, / Чулп этсе кайра чыга алгыс, / Челкилдеген суу кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баланы кармап ныктады, / Кулагын кесип алганы, / Жаагын канган чыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →