нур1

китептерде 133 жолу, 10 китепте
  1. Жарык, шоола.
  2. Ачык, жарык өң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир караса көзүнө, / Чигитей бети нурланат, / Бир караса көзүнө, / Алда кандай болгондур, / Асмандын бети бууланат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошо жылы Чыйырды, / Бооз болуп калыптыр, / Бооз болгондун үстүнө, / Өткөзө башка нурланып, / Кооз болуп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Асманда учса куу эле, / Адамдан чыккан сулуу эле, / Ак шумкардын тууру эле, / Алп Семетей жубу эле, / Адамзаттын нуру эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →