ниет

китептерде 83 жолу, 10 китепте
  1. Каалаган, үмүт кылган ой, тилек, ой-санаа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз-жат дебей ар кимге, / Ойлогону кара ниет, / Акылым артык меники, / Мени киши билбейт, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Караңгыда калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эми жетти дардаңдап, / Коркуп көзү алаңдап, / Мойнун толгоп каранат, / Кара ниет калмактын, / Калтырбай кебин бүт салат, / Анда Карманап туруп муну айтат: / — Сен Бадыкөлгө баргансың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул Канчоро кара ниет, / Өздөн чыккан жат болду, / Сегиз күндө келгиле, / Өзөктөн күйгөн өрт болду, / Калганын кийин көрөрбүз, / Бакай айтып токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле жерден тапанча менен басып жибериптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →