нече
- Кандайдыр бир санды сурап белгилөө үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таш келте менен качканын, / Канчасын атты тоңкойтуп, / Колун кесип нечесин, / Чолок кылды чолтойтуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүн мындай дегенде, / Санаага батып бир нече, / Көкчөкөздүн ойуна, / Мындайча кыйал келгени: / “Как жанына күч келсе” / Кармап мени берер,-деп, / Кармап берип ал экөө, / Достошо кетер бекен?-деп, / Мына барам» дебеди / Азыктырып жаңжүңдү, / Качырып жолго кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каратып туруп атасын, / Шишке сайат баласын, / Тирүүлөй жейт нечесин / Чырылдатып энесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— Каракол нече күндүк жер?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →