начар
- Алсыз, күчү жок.
- Жаман, дурус эмес, алымсындыраарлык эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сейитимдин Асылды, / Начар бала дебегин, / Айтышыңча душманды, / Толук жүз миң бар дедиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат берейин жөө болсо, / Тон берейин жок болсо, / Калмак менен тажикти, / Түп көтөрө берейин, / Арык болгон, ач болгон, / Алы начар эл болсо, / Кетип калсын эки хан, / Оор албаса, эп болсо, / Деп Кененим жөнөттү, / Кайра барып Уудасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айткан кепке кирбейсиң, / Малдын жайын билбейсиң, / Буту чийдей начар, деп, / Көңүлүңө илбейсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыз Куйалы кеп айтат, / Бирге жүргөн элге айтат, / Эрегиште жоо сайган, / Эбегейсиз эрге айтат: / — Атыңар арып калбасын, / Баспай калып шум чөлдө, / Баландын аты начар деп, / Жаман атты кылбасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алгарамдан өөдө эле, / Өзү кичик мал үчүн, / Начарлык жери ошо эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →