нарча
- Жаш, бир өркөчтүү төө, иңген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баркөлдө жаткан Жакып бай, / Алтымыш нарча төө алды, / Экиден теңдеп таар алды, / Куру кантип барам, деп, / Курбалдаш Караногойго, / Казы чыгаар бээ алды, / Баласына энчи, деп, / Тору бышты дагы алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Башында турат Кызылкыз, / Өзү жандан узун кыз, / Айагында шер турат, / Чоңдугу шердин байкаса, / Комдолуу нарча бар турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →