накыл
- Үгүт-насият, акыл берүүчү үлгү сөз.
- Акылман, акыл-эстүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Накылай көркөм кыз экен, / Жез оймоктун узу экен, / Сураштырса Накылды, / Он төрткө чыккан кези экен, / Жаман кыздан бирөө жок, / Баары жакшы мыкты экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Карабөрк каргыш болчу, — деп, / Ажыбайдын көөнүндө, / Бастырып барды Ажыбай, / Накылайдын үйүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, деп, / Байандаша турушуп: / Кызымтал болуп дуулашып, / Күлкүгө күлкү улашып, / Олтурган орчун бийлери, / Сүйлөп жатса билгенин, / Түрүлүү эшик маңдайдан, - / Накылайдын үйүнөн, / Чыгып калды арыстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аттуу туруп Алмамбет: / — Арстан барбы мында – деп, / Накылайдын үйүнөн, / Эшикте туруп сурады, / Үйдүн ичи ызы-чуу, / Оңой киши угабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Накылайдын үйүнөн, / Хандар чыкты аттанып, / Бейжинди көздөй бет алып, / Каныкейдин айылынын, / Как тушуна барганда, / Алмамбет турду муну айтып: / — Тетиги турган жеңеме, / Түшбөй өтсөк кээ болор, / Арзан жоого жүрбөдүк, / Эртеңибиз не болор?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →