накай
- диал. Анык, дал, так.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байлоого колум түшкөлү, / Үч айдан ашып баратат, / Накай күндүн эсеби.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир Куткарбас он болсо, / Увазири эки эмес, / Санаты накай кырк болсо, / Кумсар сыйкыр жүз болсо, / Куунайза балбан миң болсо, / Аскери жүз миң карк толсо, / Куткарбас менен Тапан хан, / Кол кармашып бир болсо, / Желмо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күндүзү көөнүн кирдеткин, / Түнкүсүн катуу уктаткын, / Так ушундай баккын, — деп, / Бара албай жылкыга, / Накайыл болуп жатсын, — деп, / Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Канаты күнгө жаркылдап, / Учуп кетти калкылдап, / Сейтек менен Гүлчоро, / Кетип барат балкылдап, / Тоотору мен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көчүп өттү ошондо, / Накай күндүн эсеби, / Отуз алты толгондо, / Канкордун сайган багына, / Кабылан эрдин тамына, / Төрткөлдүн төмөн жагында, / Төрөмдүн сайган багында, / Ошого жакын барганда, / Жамандык менен көз ачкан, / Ажал жетип өзүнө, / Көр Көбөшү күүлөнүп, / Жамандык кирди эсине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Каңгайга барып салышып, / Карсылдашып чабышып, / Өзөктөн канды агызып, / Таласка кайра келгинче, / Беш жылга саны толуптур, / Эсептесе ай-күнү, / Накай беш жыл болуптур, / Бойунда калган Тынымкан, / Эркек төрөп койуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →