най
- Музыкалык аспап – ичи көңдөй, жыгачтан, же металлдан (көбүнчө жезден) жасалган, атайын тешиктери бар түтүк чоор.
- диал. Тамеки тартуучу түтүк.
- диал. Мештин кернейи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
койундап, / Алгарасын мойундап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Чоң кисеси шалпылдап, / Көргөн жанды каратып, / Көркү менен таңдантып, / Алдындагы кара атты, / Найдай кылып жаратып, / Алгарасын аргытып, / Артына чаңын баргытып, / Кырк жайсаңы жанында, / Айбаттанып башкача, / Коңурбай өзү жөнөдү, / Ат сайышка барууга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бели кындай, ат найдай, / Белдүү чочко Коңурбай, / Алгарага камчы уруп, / Кара жанын каршы уруп, / Кангайлап ураан чакырып, / Катуу кирди качырып; / Жакыптын уулу кара көк, / Элеп койбойт шашылып, / Аккүбө тонун жамынып, / Ак жолборстой чамынып, / Арстан келет калт этпей, / Аскалуу тоодой залыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чымылдак тартып жез найдан, / Чымыроонду кең найдын, / Сурнай тартып жез найдан, / Суу акпаган кең сайдан, / Суулар агып кошулуп, / Башынан мөңгү бузулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Най менен ага жуткузуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Кара атты, / Найдай кылып жаратып, / Асман, көктү каратып, / Көргөн жанды жадатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →