назик
- Сүйкүмдүү, өтө сыпаа, сылык, наздуу көз карашты, мамилени, кылдат чыккан уккулуктуу, жагымдуу добушту ж.б. билдирген.
- Кылдат, үлбүрөк, ичке, сезимге жумшак.
- диал. Таруудай майда, ортосунда тешиги бар, кооз, түстүү мончок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төшүңдү жайгын сазың, деп, / Үн алышып каркылдап, / Өрдөк менен казың, деп, / Жээгиңде желек камышың, / Сыдырым соксо шуудурап, / Жагымдуу назик табышың, / Бөлөк- бөлөк чулдугуң, / Буткулда суунун тунугун, / Кымыз ичкен немедей, / Жутканда канат суусунуң, / Саргарат элең тепселип, / Салтанаттуу эр келип…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Таштан ташка секирген, / Назик муңдуу үндөрүн, / Аккан суулар келтирген, / Жер жайнаган чечекей, / Гүлдөрүн күбүп түшүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →