наар2
- Көбүнчө булгаарыга ныгыра басып түшүрүлгөн оюу, гүл, түр; жол-жол из.
- Алакандагы, беттеги майда сызыктуу издер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сыйлыгып көбү казактын, / Илени көздөй айланды, / Эбине келсе наары ашып, / Үч каркыра баргалы, / Же болбосо тоо бойлоп, / Капалга кетип калгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Балтасында сырт калбай, / Кылычында курч калбай, / Билегинде күч калбай, / Күндү түнгө улашып, / Күркүрөшүп тынч албай, / Үч күнгө кетти айланып, / Тамак ичпей наар сызбай, / Беттерин топо-чаң басып, / Тең келишип калышты, / Талап кылып элинен, / Жаратып жарак алышты, / Жана уруш салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абдылданы көргөндө, / Айабай жаман наар салды, / Кыпчакбайдын Абдылда, / Кылым элге таанымал, / Көргөн жерде ал Талап, / Кыймылдатпай тааныган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай караңгы болгунча, / Айабастан салышты, / Андан кийин бул экөө, / Арттарына жанышты, / Жайылданып кутургур, / Наар албай жатышы, / Жанындагы токойго, / Кара дөөнүн айтышы: / — Мен кара дөө сен токой, / Эми биз кылар иш ошондой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асты наар сызбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →