мөөр

китептерде 38 жолу, 6 китепте
  1. Жазуусу бар белги, шакек.
  2. Бетинде оюп жазылган жазуу бар. Бир нерсени ырастоо, күбөлөндүрүү үчүн басылуучу мамлекеттик, менчик мекемелердин белгиси.
  3. Мөөрдүн кагазга түшкөн белгиси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ун ал, / Карысын койуп жашын ал, / Айагын койуп башын ал, / Төрт түлүктүү бизде мал, / Түп көтөрө баарын ал, / Андан кала бергенде, / Жылында берем айтканың, / Мөөрүмдү басып катым ал, / Бүгүн мыне кеткиниң, / Минген тулпар атым ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йт, деп, / Түн ичинде барат, деп, / Дүпдүрөңдөп карайт, деп, / Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, / Бүдөмүк чалып калат, деп, / Ал күнү жазып кургатып, / Айкөлдүн алтын чоң мөөрүн, / Айагына бек басып, / Тубардан калта жасатып, / Бекитип оозун чаптатып, / Эртең менен болгондо, / Желеге кулун толгондо, / Ажыбайды аткарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажыбайдын уулуна, / Катчылыкты бергени, / Падышалык алтын мөөр, / Керменбайга тийди эми, / Оболбек менен Сетертай, / Таласта эки бий деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →