мөөн

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ичке ичегинин карын жагындагы учу туюк жоон бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кайра келээрим менен чубалган мөөндү жана карматты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →