мөмө
- Кээ бир бак-дарактардын же бадал өсүмдүктөрүнүн ширелүү жемиши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тайган баскыс чөл менен, / Түрүлүп аккан сел менен, / Түмпүйгөн токой чер менен, / Артуу-артуу бел менен, / Адам жүргүс жол менен, / Бөктөр-бөктөр бел менен, / Мөмө жыгач жер менен, / Бөксөдө улуу жол менен, / Мөлтүрөп аккан суу менен, / Мөндүрдөй аппак кум менен, / Бөлүнүп жүрүп олтурду, / Күн эсебин чунагың, / Он экиге т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шор дайранын жээгинде, / Жышынып абдан чумулсам, / Мекенин ысык чөлүнөн, / Мединаны бир көрсөм, / Салбыраган мөмөдөй, / Башымды ийип ыйласам, / Бар кудайдын амирин, / Жүрөгүмө сыйласам, / Баласы элем каапырдын, / Тилегиме жетермин, / Ал тилекке жетпесем, / Арман менен кетерми…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ток пейил кытай эл деген, / Жыйнап албай мөмөлөр, / Талаада жатат ал деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүлдү жерге самсаалап, / Андан башка мөмөлөр, / Толуп жаткан канчалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →