мүңкүр
- Буту-колунан ажыраган.
- өт. Оор, кыйын абалда калган; абдан азап тарткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Найзасын уруп кагышпай, / Кылычын күүлөп салышпай, / Чымырканып тиштенип, / Же чыкыйга балта чабышпай, / Жеңишсе да, жеңсе да, / Майданга чыгып канышпай, / Мүнкүр болуп Чынаача, / Аркы өйүзгө өтө албай, / Эңсеген ойго жете албай, / Ызаалык кеги, кыжыры, / Ичинде турат бир далай, / Болгон жумуш аламат, / Бир күн өтүп бара…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атым Кыргыл болгону, / Алтымыш жашка толгону, / Мүңкүр кылган жалпыны, / Мындай кордук болбоду, / Бул бадирек кытайдын, / Жаныма батты чоңдугу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
байлардын, / Күндө жыйнап алалы, / Айда алман салалы, / Айда жыйнап алалы, / Алман менен коркутуп, / Байды мышык кылалы, / Кетменден колун бошотпой, / Кедейди мүңкүр кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →