мүшөк
- Ичине ун, талкан ж.б. майда-барат буюмдар салынуучу кендирден же башка бышык кездемелерден жасалган кап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатыр минген Телкүрөң, / Көзү ачык мал экен, / Арамзада Куткарбас, / Албан иши бар экен, / Амал иши дагы бар, / Байлап алган жанына, / Мүшөккө куйган каны бар / .
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кендир мүшөктөн тиккен көйнөгүмдүн белин курчанып алгамын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →