мүчөлүү
- Денелүү, дене түзүлүшү келишимдүү.
- Мүчөлөнгөн көрүнүштөгү, кебетеленген.
- грам. Сүйлөм мүчөлөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Үкүдөй көзү кызарып, / Ийилбейт бели дүкдүйүп, / Төбөсүндө чыккан чач, / Бирден тарап үксөйүп, / Мөөрөйдөн байге ала албай, / Чөк түшкөндөй от күйүп, / Алп мүчөлүү далдайып, / Баштыктай мурду барбайып, / Салынган кара кеңирдей, / Карааны бар калдайып, / Ортого чыгып олтурду, / Оңолбогур заңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Буттай темир курчанып, / Желмайан минип очойуп, / Кабагы жерге салынып, / Каарга найза илинип, / Буура тартпай бул доңуз, / Келте мурун, кең беттүү, / Алп мүчөлүү келбети, / Суумергендин уулу, / Жалтанбастан Сейиттен, / Жан айабай качырган, / Өзү мыкты шамдагай, / Өрттөнгүрдүн ырааңы, / Өрттөнүп кеткен арчадай, / Телкүрө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Качырганды кармаган, / Качпай туруп жалмаган, / Көргөн киши зарлаган, / Кем эмес түрү камандан, / Алышканды аймаган, / Албай жолго салбаган, / Алп мүчөлүү, сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калканы жондо тартылуу, / Алп мүчөлүү далылуу, / Кылычы менен балтасы, / Кемерине чатылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →