мүлт
- Бир аз былк этип кыймылдаганды, булт берип тымызын козголгондой абалды билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келарс келет кырсылдап, / Суу иттери мултулдап, / Суу уйлары култулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бөлүнүп калды Медеркан, / Урушкандай бултулдап, / Эти семиз булкулдап, / Өзү жакыр култулдап, / Сакалы кыска мултулдап, / Элди баштап кулжуңдап, / Жолго түштү купулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бура тартса мулт этип, / Мулугуң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эси ооган Байтерек, / Тура калды селт этип, / Мени карап кылчайып, / Күлүп ийип, мулт этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →