мүйүз

китептерде 64 жолу, 10 китепте
  1. Кээ бир айбандардын башына чыгуучу сөөк затынан турган катуу орган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен чыкканда Кеңколдон, / Чогула айыл эл конгон, / Керүүлөй тарткан имерүү, / Уй мүйүз сыйак жер болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары мүйүз кулжадан, / Көк чаарынан аркардын, / Эки жылы туу калган, / Куу мүйүз болгон текеден, / Бармак басым чыккыдай, / Кармап сойсо чекеден, / Өзөндө жаткан курунан,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →