мүдөө
- Тилек, көздөгөн максат, эңсеген ой.
- Каалоо, кызыкчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүгүн түндөн калганда, / Күмөн кылат Тапан хан, / Мени берип Сейитке, / Сакалы ылдый жаш кетип, / Зыркырап келип отуруп, / Сени салат кейишке, / Сыр сурайсың туйгузбай, / Мүдөөңдү айтчы ичиңде, / Сөз чынынан бузулбайт, / Мен айтпайым эч кимге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сенин далай кебиңден, / Атам башка окшойт деп, / Күмөнсүнүп мен да жүрөмүн, / Далайдан бери опколжуп, / Токтобой калды жүрөгүм, / Жашырбай айтчы балаңдан, / Түп жайын иштин билейин, / Балалык кылып бирөөгө, / Айтып койот экен, деп, / Болбосун менде күмөнүң, / Ичиңде мүдөөң жүргөнүн, / Мен да билип жүрөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эми сенин эмне мүдөөң бар?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →