мүдүрүл

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Буту бир нерсеге тийип же чалынып жыгыла жаздоо, сүрүнүү.
  2. өт. Жаңылышуу, жолдон чыгып кетүү, жаңылыштык кетирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттанган казак элинен, / Жээн жайлоо Алтай жеринен, / Таласка барып Медеркан, / Мадыбектин айлына, / Барып кирди четинен, / Бута атым жакын калганда, / Атынан түшүп жетелеп, / Амандык сурап энтелеп, / Жүрөгү коркуп эрк бербей, / Медерканды көргөндө, / Мүдүрүлүп темтеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айтканым жалган болот, деп, / Арстан Чубак баатырды, / Эңкейип кармап кемерден, / Так көтөрүп алганда, / Бура тартып калганда, / Алты ай минсе арыбаган, / Арыгансып калбаган, / Ташка салса талбаган, / Алмамбет минип жүргөлү, / Мүдүрүлүп бакпаган, / Арам өлгөн Сарала, / Мүдүрүлдү, кап, кап, а! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
кезинде алардын, / Ач кыйкырык угулуп, / Ач билектен алышып, / Өйдө кетет жулкушуп, / Ылдыйга кетет жарышып, / Этегин түрө кармашып, / Үзөңгү боого басышып, / Мүдүрүлбөй аттары, / Бөлүнө кетет айрылып, / Кармаган жерден кан чыгып, / Өлбөй тирүү калышып, / Кан соргуч киле сары эшек, / Бөйөн, чайан, тумсагы, / Коркконунан корголо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мүдүрүлүп темтеңдеп, / Минтип чоро калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Наабат кайра оңдонуп дагы үч күн, үч түн кармашып, дөөнү мүдүрүлтүп жерге жыгып, кылыч менен жарып салат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →