мээ
- Баш сөөгүндө жайланышкан адамдардын жана айбандардын нерв системасынын борбордук бөлүгү болгон Аш – ээси менен, баш – мээси менен (макал).
- өт. Акыл, акыл-эс. Чегедей жүрөккө кадалып, мээдеги чатышкан ойлордун түрмөгү (Ибраев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чак деген үнү угулду, / Айрандай мээси куйулду, / Томолонуп кеткени, / Каны тартып, жан ачып, / Жана бирөө жеткени, / Найзасын кагып жиберип, / Чокуга койуп өткөнү, / Кержиндин жанын узатпай, / Белсенип манжу кез келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жолун алып бек тиктеп, / Колтугун Сыргак чойуптур, / Чокулата койуптур, / Күчтүү тийген балтадан, / Жолум үйдөй чоң башы, / Төрт талаа болуп жарылды, / Балтага мээси жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан чыкты Гүлчоро, / Туу тутканды мээлешке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →