мынча

китептерде 61 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир өлчөмдүк маанини, аракеттин канчалык даражада экендигин билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мынча күндүн алдында, / Казынага мен барсам, / Жыйып койгон текчеден, / Чачылыптыр маталар, / Жыйнайын деп карасам, / Нурфану деп аты бар, / Алда кандай заман деп, / Келер бекен аман деп, / Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эстесең насаат кеп айтам, / Эркин өскөн элге айтам, / Элимден безген бир кулмун, / Эсирбе, Чубак, деп айтам, / Эмгегим мынча болбосо, / Элге муну не айтам, / Эчен жол тарттым эмгекти, / Эсирдиң Чубак не үчүн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайрат кылды канчасы, / Айбат кылды мынчасы, / Ушаланып жоголду, / Упурак болуп барчасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оолуккан чунак баласың, / Көп кечикпей жакында, / Кеңколго көчүп барасың, / Эмне мынча шашасың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →