мына

китептерде 539 жолу, 10 китепте
  1. Алдыда, чукул, жакын турган нерсени көрсөтө, шилтей айтуу үчүн колдонулат.
  2. Мезгилди, убакытты ж. б. белгилей көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ры тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Алганың Чүрөк мынаке, / Барбагын деп күмбөзгө, / Баарыбыз айтсак болбодуң, / Бүгүн билип турасың, / Канчалык иштин болгонун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →