мыкта
- Мыктылоо, мыкты, сонун түргө келтирүү, жакшыртуу, бекемдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бакайга карап Гүлчоро: / — Абамды бекер кыйнабай, / Көз жашын төгүп ыйлабай, / Кайратты мыктап кылгыла, / Кепти менден уккула, / Эр Гүлүстөн мындай деп, / Семетейдин айтканын, / Баарын айтып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдоочу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →