мыйык
- Мурут.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабагын ачып күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Карамүртөз Кененим, / Мыйыгында күлгөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар тарабын байкасам, / Көрүп жүргөн эл эмес,- / Окусунан адамга / Оморулар бел эмес, / Бороончудан укканда, / Арыстан Манас билди эле, / Кыл муруту былк этип, / Мыйыгында күлдү эле: / — Андай болсо, Бороончу, / Улуктугуң билгизгин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Эки үзөнгү кагышып, / Эки уул кетти жарышып, / Хан Бакайдын кошуна, / Салып жетип барышып, / Салам айтып бөкчөйүп, / Олтура калды чөкчөйүп, / Келгенин абаң билди эле, / Кыл муруту былк этип, / Мыйыгында күлдү эле: / — Келипсиздер, баатыр, — деп, / Бар беле мага айтар кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н теңдештим, / Аксакал киши экенсиң, / Ушул менин бар кебим, / Эрликтен тайдым кетейин, / Сырын угуп баланын, / Сыртан Гүлүс жымыйып, / Кыл муруту былк этип, / Мыйыгында күлгөнсүп: / — Андай болсо Саламат, / Айткан кебиң чын болсо, / Сулууну Гүлүс таба алат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жообун абаң бергенде, / Жоо дегенде сүйүнүп, / Кобурлуу тууган чунагың, / Мыйыгында күлүнүп, / Башкасына карабай, / Буурулду көздөй жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →