муң2
- Чарчоо, чаалыгуу, талыгуу, тажоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатыр менен балбанга, / Кыргыздагы хандарга, / Беттешкен болуп амалдап, / Тор салып тордоп байларга, / Булар мунтип баратыр, / Эр Такырбаш Турумбек, / Ажал жетсе өлдүк, деп, / Азап болсо көрдүк, деп, / Бекбача, Мурат, Бактыбай, / Буларды издеп келе атыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айыктырып алармын, төрөм, / Буйругу ушул кудайдын, төрөм, / Мунусуна көнөйүн, төрөм!- / Муң сөзүн айтып Каныкей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →