мушта
- Муштуму менен уруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калмакка сунган найзаны, / Тартып алып Кененим, / Темирбекти муштады, / Ичеги-боорун аралап, / Омуртканын тышынан, / Найзанын учу чыкканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…и жок ак бетүү, / Кайран эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, / Капталга муштап өтүү эми, / Үч кабат темир күрөкө, / Торгой көз темир бадана, / Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, / Бадырап чыкты эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Уруп найза муштады, / Найзага канды чыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →