муун2
- Тартылган жиптен, алкымдоодон ж.б. тамагы кысылып, кан жүрбөй, дем ала албай калуу.
- Дем кысылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кокүн өлдү дегенде, / Мууну кетет шалдырап, / Кеп кылалбай кыйлага, / Тиктеп калат жалдырап, / Ачууланса биздерди, / Кайта айдайт калдырап, / Келбей койор айла жок, / Келебиз кайра жалдырап, / Кокүнгө айткан кебиңди, / Койбой баарын укканда, / Акыл ойлоп табалса, / Алдыңа киши жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бузулса кокус биз үчүн, / Бул кыргыз мууну бошоочу, / Кубат кыла каларбыз, / Кошула келген ошону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жөө күрөшүп он беши, / Муунуңду бошотот, / Жалгыз кылды жара атат, / Он беши жебе жаа тартат, / Жаның кантип жай табат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муунумдун тилин сыдыр, деп, / Бакай айта салганы, / Алмак тургай Айчүрөк, / Кетенчиктеп жүгүнүп, / Жерге олтура калганы, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сүйүнүп жашы токтобой, / Эр Бакайдан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →