муун1

китептерде 112 жолу, 10 китепте муун 2 →
  1. Адамдын жана жаныбарлардын сөөктөрүнүн же кемирчектеринин кыймылга келип туруучу кошулган жери.
  2. Каруу, күч, кубат.
  3. өт. Кээ бир өсүмдүктөрдүн бөлүк-бөлүк болуп турган жери, муунактары.
  4. Ата-бабанын укум-тукуму; жашташ адамдар, курбулар.
  5. грам. Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш. (мис., адам, билим).
  6. адаб. Бир жолку дем чыгаруудан пайда болгон сөздөгү тыбыш же тыбыштардын бирикмеси. Ыр түзүлүшүндө муундар узун жана кыска, басымсыз жана басымдуу болот.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн өлдү дегенде, / Мууну кетет шалдырап, / Кеп кылалбай кыйлага, / Тиктеп калат жалдырап, / Ачууланса биздерди, / Кайта айдайт калдырап, / Келбей койор айла жок, / Келебиз кайра жалдырап, / Кокүнгө айткан кебиңди, / Койбой баарын укканда, / Акыл ойлоп табалса, / Алдыңа киши жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бузулса кокус биз үчүн, / Бул кыргыз мууну бошоочу, / Кубат кыла каларбыз, / Кошула келген ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жөө күрөшүп он беши, / Муунуңду бошотот, / Жалгыз кылды жара атат, / Он беши жебе жаа тартат, / Жаның кантип жай табат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муунумдун тилин сыдыр, деп, / Бакай айта салганы, / Алмак тургай Айчүрөк, / Кетенчиктеп жүгүнүп, / Жерге олтура калганы, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сүйүнүп жашы токтобой, / Эр Бакайдан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →