мууна

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Мал сойгондо анын жиликтерин, сөөктөрүн муунуна карай кесүү же муун-муунуна карай илиништирип ажыратуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жатса-турса карылар, / Жакасын мууна карманып, / Калмактан кеги тийгенге, / Мен-менсиген калмактар, / Суурча ийинге киргенге, / Күлүңдөшүп баарысы, / Күлгөндөй болуп сүйүнө, / Кылып жатат түлөөнү, / Күн өксүтпөй күнүгө, / Эл жыйналып жык толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жапырып, / Таноосунан буу чыгып, / Колтугунан суу чыгып, / Куйругунан чуу чыгып, / Жарым күн кеткен алдында, / Сейитимге көрүндү, / Куткарбастын карааны, / Үч муунап жолду тостурган, / Бир тосмого жетишкен, / Куткарбаска аз калды, / Сейиттин көрүп карааны, / Кумпайдан качкан кептердей, / Куткарбастын шашканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ти мындай урду эле, / Келгениң арзан жоо эмес, / Адам болжоор доо эмес, / Карандай эмес кун экен, / Келген киши Үмүтөй, / Хан Көкчөнүн уулу экен, / Тосуп жолун муунадым, / Торгоп жолун сурадым, / Ар канча кылсам далалат, / Болбой койду тууганың, / Баштан аяк кеп салдым, / Карын бөлөң Семетей, / Тартышпагын деп салдым, / Өзү би… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →