мусап

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Ислам дининдеги бир тармак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байкап көрсө Кененим, / Алты лаама бир-бирин, / Алдыртан аста тиктешип, / «Алдадык муну биз, — дешип, / Энөө киши турбайбы, / Сөз сурабайт шүк» дешип, / Күлүңдөшүп калышып, / Козголуп койсо Кененим, / Баштарын жерге салышып, / Мусапыр болуп алышат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Темирбекке барбайлы, / Тирүү деп укса Темирбек, / Айдап барып дагы эле, / Чоң урушка салбайбы, / Балаага антип калбайлы” / Калпа, чечен, эшени, / Караңгыда дүбүрөп, / Мурундарын коңкойтуп, / Мусапырсынып бүжүрөп, / Кененимди табышты, / Кебин айта салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда бала сүйлөдү, / Өз жөнүнөн кеп ачып: / — Мусапыр болуп, Акебай, / Жүрүптүрсүз жөө басып, / Өзүм кыргыз элинен, / Туругум Кеңкол жеринен, / Атамдын аты Торсолдой, / Ыйлап жүрүп өзүнчө, / Сокур болду көрө албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мусапыр энем сен турсаң, / Бурулуп кайдан жатайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аны көрүп Сомбилек, / Эки көзгө жаш алып, / Мусапырлык жолунда, / Ыйлоого кирди муңканып: / — Жараттың, кудай, жан кылдың, / Ата-энемден тең айрып, / Жал-жал карап жалтанган, / Жетимдикте зар кылдың, / Бүрдөп турган чагыңды, / Кең дүйнөнү тар кылдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →