мурда
- Оболу, мурун, илгери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мындан мурда мындайды, / Кабылан тууган Бекбача, / Көзү менен көрбөгөн, / Көрмөк түгүл укпаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мурдатадан ойлогом, / Болорун жумуш болжогом, / Алты жылдан бер жакка, / Кардыгачтын ичине, / Жан бастырбай койгомун, / Жаш жыгачын чоңойтуп, / Кыйдырбастан коргодум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мындан мурда бул жерге, / Бей чеки киши келбеген, / Келип калса адашып, / Тирүү кайта кетпеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бала кубулуп куш болуп, атасынан мурда үйүнө келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →