мурат
- Тилек, максат; ойлогон, самаган тилек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардагы Турдана, / Анча кыйын күч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Батайдан ачуу келди эле, - / Эл карысы деп жүрсөм, / Эл бузугу экенсиң, / Калк карысы деп жүрсөм, / Калк бузугу экенсиң, / Какжаңдаган куу баш чал, / Карганда болуп бузуку, / Кай муратка жетерсиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыратып атыңан, / Жөөлөтүп таштап нетейин, / Онуңдун алып атыңды, / Кай муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атаңдын кейпи бул болсо, / Кай муратка жетесиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →