мурас

китептерде 62 жолу, 8 китепте
  1. Ээси өлгөндөн кийин балага, бирөөгө калган мал-мүлк, дүнүйө, оокат.
  2. Өткөн муундан урпактарга калган осуят, насаат сөз, көркөм сөз чыгармалары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ата мурас сиздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түп атам Манас баатырдан, / Бизге калган салтыбыз, / Ата мурас баркыбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп айтканда Гүлүстөн, / Кудай урсун Сарыбай, / Кутурган иттей ажылдай, / Межиндей каңшылай: / — Сен Алмамбет уулу болгондо, / Башың боолуу кулусуң, / Атаңдан калган мурасың – / Кыргызга кызмат кылшың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үйдө жатып нетебиз, / Не мураска жетебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →