муну

китептерде 1395 жолу, 10 китепте
  1. Бул деген шилтеме ат атоочтун табыш жөндөмөсүндөгү формасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Дабытайдын кыргызды, / Кырганынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда Жакып муну айтат: / — Алооке менен Кедеңдей, / Каалап алып бергендей, / Кайсы менин уулум бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →