мунжу
- Колунан же бутунан, же колубуттарынан ажыраган майып киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыгылды кулжа дардайып, / Атканын жазбай кулатып, / Алмамбет калды барбайып, / Барбайганы курусун, / Басайын десе Алмамбет, / Эки буттан кан агып, / Мунжу болгон эмедей, / Туруп калды шалайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →