мулуй
- Сакал-муруту, мүйүзү жок көрүнүштө болуу; дүмүрөйгөн көрүнүштө болуу.
- Унчукпай кылтыйган көрүнүштө болуу, өзүнчө бир нерсеге муюгандай кебетеде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бактыбайдай баатырга, / Кирип келди ал Салбыр, / Тул катындай жулунуп, / Башында туулга алты кат, / Көп-көк болуп тулуйуп, / Анык күүсү кара бет, / Сакалы жок мулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жошологон желектей, / Башы турат чулуйуп, / Шишик басып кетиптир, / Кулагы жок мулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Укпайсынбы кебимди, / Унчукпайсың мулуйуп, / Такыр табам эбиңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Туулгасы мулуйуп, / Тиктеп калып дулуйуп, / Мойнун толгоп чулуйуп, / Каңгайга берди бир буйрук: / — Калың кошуун ат кой!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →