мукам
- Кулакка жагымдуу, уккулуктуу ритм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агеркеч Көкчө жар экен, / Акылга мукам жан экен, / Агеркечке жумушкер, / Куйту күң деген бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайтарына калганда, / Каада билген Акун хан, / Кабар кылып калкына, / Мыктынын баарын жыйнатып, / Мукамчысын ылгатып, / Сап жакшыны, Манасты, / Салтанаттап ырдатып, / Арагын куйуп токтотуп, / Албан түрдүү дуулатып, / Уй мүйүз тартып олтуруп, / Эркинче элди чуулантып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Макул, – деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Атам кан эле, бир мукам сайраган булбулдун үнүнө ашык болуп калып, ошол булбулду таап келгин деп жиберди эле, мен ошол булбулду издеп жүрөмүн, – деп кызга чын сырын айтат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →