муз

китептерде 220 жолу, 10 китепте
  1. Тоңуп калган суу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мусурканып, мурчанып, / Муздай темир курчанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →