мор

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Очоктун, мештин кирпичтен же топурактан жасалган түтүн чыгаруучу түтүгү.
  2. Түтүн чыгуучу тешиги тамдын төбөсүнө чейин көңдөйлөтө дубалдын бооруна кошо салынган очок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күнгөйүң четин, табылгы, / Төө куйрук, арча – баарысы, / Аралап чыгып ичиңе, / Аркар оту дарысы, / Кайыңдар көккө керилип, / Мор байлап талың ийилип, / Тескейиңде карагай, / Койкойуп кыздай жарашып, / Бой сунуп кырдан карашып, / Кандай сонун жердир, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керменбай айтып басылды, / Баатыр Гүлүс эрендин, / Тамагы эми ачылды: / — Таалайыңа, Керменбай, / Талап кылган уулуңар, / Мөр байлаган тал болду, / Сууда жүргөн сал болду, / Таластан азып баргандар, / Жетисууда мар болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бакайдын уулу Байтайлак, / Он мөрүгө ок тийип, / Балтасы тушту колунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Оозун ачтың жумшатып, / Мор байлаган жаранын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →