моок
- Каалоо, кумар, канагат алуучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айалдан чыккан арстаны, / Айтылып калган дастаны, / Сейитекке тийиптир, / Өзү келип Куйалы, / Кыргыздын бирин жактырып, / Кызыл кыз тийип кетеби, / Ишенчим жок бу дагы, / Келип калса Кызылкыз, / Кызматка мыктап салалы, / Кызматын көрүп сыйкырдын, / Моокумдан чыгып каналы, / Алды менен тетиги, / Асылды байлап алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каптаган менен кангайлар, / Кармашып моокум канган жок, / Алмамбет менен Сыргакка, / Беттешкен тирүү калган жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кечээ кызыл кумда ысыкта, / Алдыма көрпө салдырдың, / Ошол кумда суусатпай, / Суусунумду кандырдың, / Залкар тоодой Сейити, / Душман менен сайышып, / Моокумумду кандырдың, / Жети дөөнү кыйратып, / Кызыл суудай кан кылдың, / Беттешип турду көп баатыр, / Акылдан качан тай кылдың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үчөөбүздүн үч башка, / Ээрчишпеген санаабыз, / Кимге багы жар болсо, / Кызды ошол аларбыз, / Кабарын уккан сулууну, / Сүйүп моокум канарбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна келгенин кылган, жолукканды тытып, моокусу канган көк жал болуптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →