моло
- Бейит, мүрзө.
- Үйүлгөн нерсе – таш, топурак, кум, эгин ж.б.
- Тоголок чулу таш, же андан иштелген сөлөкөт, балбал.
- өт. Жылаңачталган, такырайтылган.
- сүйл. Аялдар балдарды тилдегенде колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаш баланы көргөндө, / Жагалданып түрлөнүп, / Жан алуучу периште - / Азырейил сүрдөнүп, / Молодой мурду коройуп, / Ородой көзү олойуп, / Чынардай колу арбаңдап, / Алдында минген кара төө, / Төрт айагы тарбаңдап, / Кармап оозго салам деп, / Чоң дөбөт келет дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Молодой жалгыз үй!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жалгыз молодой жымжырт жерде өскөн адам, мына бул жерден экинчи бир дүйнөнү көргөндөй болдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алда кайда бир дуңгандын жеринде томпоюп, Бекдайырдын жалгыз молосу калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →